Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:51

Дүйнө: "караларга" катуу сокку урулду


Австралиядагы полициянын атайын операциясы.
Австралиядагы полициянын атайын операциясы.

Он сегиз өлкөсүндө жүргүзүлгөн полициянын атайын операцияларында уюшкан кылмыштуу топтордун жүздөгөн мүчөлөрү кармалды. Биргелешкен операция АКШ, Европа, Австралия жана Жаңы Зеландиянын укук коргоо органдарынын үч жылдык кызматташуусунун жыйынтыгынан кийин ишке ашты.

Анын натыйжасында маңзат соодасы, адам сатуу жана курал-жарактын "кара базары" менен терең чырмалышкан эл аралык кримтөбөлдөргө айып коюуга жол ачылып, алардын мафиялык түзүмдөрүнө сокку урулганы жарыяланды.

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштөгү бурулуш

АКШнын Федералдык иликтөө бюросу (ФБР) жана Евробиримдик полициясынын (Европол) демилгеси менен дүйнөнүн 18 өлкөсүн камтыган күч түзүмдөрүнүн атайын операциясында уюшкан кылмыштуу топтордун, террорчул уюмдардын мүчөлөрү жана мафиялык түзүлүштөрдүн жүздөгөн өкүлдөрү колго түштү.

Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон эл аралык уюшкан кылмыштуу топторго олуттуу сокку урулганын билдирди:

“Бүгүн Австралиянын өкмөтү глобалдык операциянын алкагында өлкөнүн эмес, бүткүл дүйнөлүк уюшкан кылмыштуулукка эң оор сокку урду. Бул - Австралиянын укук коргоо органдарынын тарыхындагы эң ири бурулуш учур”, – деди Моррисон.

Глобалдык атайын операциянын натыйжасында Европада, Австралияда, Жаңы Зеландияда жана АКШда аракеттенген трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтордун анабашчылары аныкталып, алардын маңзат жана мыйзамсыз курал-жарак жүгүртүүгө аралашкан 224 кишисине айып тагууга жол ачылганы кабарланды.

Рис Кершоу. Австралиянын федералдык полиция комиссары.
Рис Кершоу. Австралиянын федералдык полиция комиссары.

“Бүгүн 224 кылмышкерге 525 иш боюнча айып тактык. Алты жашыруун лабораторияны жаптык. Адам өлтүрүү аракетинин 21 учурун алдын алдык. Анын арасында беш адамдан турган бир үй-бүлөнү куткардык. 104 ок атуучу курал алынып, 45 млн. доллар накталай акчаны кармадык. Жакында бул сандар дагы көбөйөт. Бул иштер боюнча кармалган кылмышкерлер өмүр бою кесилет” – деди Австралия полициясынын комиссары Рис Кершоу.

Глобалдык операциянын алкагында полиция Германияда дагы 150дөн ашуун жерде текшерүү жүргүзүп, уюшкан кылмыштуу топтордун 70тен ашуун мүчөсүн кармады. Тинтүү учурунда 20 курал-жарак, 30 кымбат баалуу автоунаа, 250 миңден ашуун евро жана кымбат баалуу IT жабдуулары алынды. Германиядагы атайын операцияга бир жарым миңге чукул полиция тартылды.

Бир түндүн аралыгында эле жүздөгөн тонна маңзат, ондогон курал-жарак жана кримтөбөлдөргө карата ири кармоолор АКШнын Федералдык иликтөө бюросу иштеп чыккан ANOM деген атайын тиркеменин жардамы аркылуу мүмкүн болду.

“Бүгүнкү иш мекемелер, мамлекеттер аралык биргелешкен иликтөө-тергөө ишинин натыйжасы. Азыркы дүйнөдө кылмыштуулук чек араларды эбак кесип өтүп, эл аралык синдикаттарга биригүүдө”, - деген көз карашта АКШнын Австралиядагы элчилигинин өкүлү Энтонни Руссо.

Жабык тиркеме кылмышкерлердин сүйлөшүүлөрүн тыңшап, окуп турууга мүмкүнчүлүк берген. Ошентип, маңзат аткезчилиги, арам акчаны адалдоо, адам өлтүрүү жана башка кылмыштарды пландаган Латын Америкасынан Азияга чейинки эл аралык уюшкан кылмыштуу синдикаттар полициянын көзөмөлүнө алынды. Австралиянын полициясы ал тиркемени дүйнөдө 11 миңдей уюшкан кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү пайдаланганын кабарлады.

АКШ 2011-жылы Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Камчы Көлбаевди "кара тизмеге" киргизип, ал тууралуу маанилүү маалымат бергендерге 1 млн. доллар сыйлык жарыялаган. Ал быйыл кышында кармалып, кайра коё берилгенде Вашингтон сый акынын өлчөмүн 5 млн. долларга көтөргөн.

Камчы Көлбаевдин уюшкан тобу КМШ аймагында кеңири тараган "Агайындар шеринеси" (“Братский круг”) деген эл аралык уюшкан кылмыш топтор синдикатына кирет. Америка эл аралык уюшкан кылмыштуу топтордун тизмесин жыл сайын жаңыртып келет. Камчы Көлбаев ал тизмеге мурдагы совет мейкиндигинен алгачкылардан болуп киргизилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG