Коркутуу, карактоо жана киши өлтүрүү! Кыргызстанда криминалдык дүйнөнүн кулагы көрүнгөн чуулгандуу окуялар көбүрөөк кабарлана баштады. Милиция уюшкан кылмыштуулук коопсуздукка коркунуч жараткан деңгээлге жеткенин мойнуна алып, "мыйзамдагы ууруларга" жазаны күчөтүүнү көздөп жатат. Мыйзам кабыл алынса да аны ишке ашырууга саясий эрк барбы? Грузияда мындай чаралар 15 жыл мурда эле иштей баштаган. Былтыр Орусия да кримтөбөлдөрүнө жазаны күчөттү. Деги эле уюшкан кылмыштуулукту кан буугандай токтотуу мүмкүнбү? Дүйнө өлкөлөрүнөн эмнени үйрөнө алабыз? Дал ушул теманын кенен талдоосу "Биз жана дүйнө" берүүсүндө.
Коомду чүнчүткөн кылмыштуу топтор
Чыгарылыштар
-
Май 30, 2026Ереван менен Москва тиреши артында эмне турат?
-
Май 22, 2026Дрон согушу: Киевдин жаңы тактикасы
-
Май 15, 2026Эки оттун ортосунда калган Ливан
-
Апрель 06, 2026Жакынкы Чыгыш: Ирандагы согуштун Борбор Азияга таасири
-
Апрель 02, 2026Сизди телефондон ким тыңшайт?
-
Март 05, 2026Иран АКШнын касына кантип айланган?