Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:33

Оштогу кылмыш: Баэлдин кыялы орундалбай калды


Өспүрүм балдар бычак жеген көчө.
Өспүрүм балдар бычак жеген көчө.

Ош шаарында бычак жеп каза болгон 10-класстын окуучусу 12-февраль күнү жерге берилип, аны менен чогуу жабыркаган студент оор абалда ооруканада жатат. 

Окуучунун өлүмүнө шек саналган 17 жаштагы өспүрүм жана анын эки шериги кармалды. Шаардык милициянын маалыматында шектүү кылмышты моюнуна алып, тергөө иштери уланууда.

Окуя кандай болгон?

11-февраль күнү Ош шаарында болгон каргашалуу окуянын күбөлөрүнүн бири — Өктөмкан Кашыева.

Ал короодо сулап жаткан эки баланы алгач көргөндө талмасы кармап жыгылганбы деп ойлогон экен.

Өктөмкан Кашыева.
Өктөмкан Кашыева.

«Эшикке чыксак, мектептин короосунун сырт жагында ызы-чуу болуп жатыптыр. Мугалимдер менен бара калдык. Эки бала жарадар болуп, кыздар кыйкырып жаткан экен. Башында талма оорусу барбы деп ойлоп, "суу алып кел" дей бериптирбиз. Ошол жердеги кыздар "булар бычак жеп жарадар болду" деп айтышты. "Тез жардамга" чалдык. Балдар бир аз убакытка чейин жерде жатып калды. Мугалимдер биринчи жардам көрсөттү. Милиция "Тез жардам" автоунаасы келбегени үчүн өзүнүн машинесине салып ооруканага алып кеткен».

Кашыева айтып жаткан окуя шаардагы Нариман мектеп-гимназиясынын жанында 11-февраль күнү түшкү саат эки чамасында болгон.

Анда 2004-жылы туулган эки бала бычактан жараат алып облустук ооруканага түшкөн. Алардын бири Баэл Камилов кансырап бейтапканада каза тапкан.

Шектүү кармалган учурда жанынан табылган кастет (урууга ыңгайлашкан темир буюм).
Шектүү кармалган учурда жанынан табылган кастет (урууга ыңгайлашкан темир буюм).

Экинчиси жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ош облустук аймактык ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнүн дарыгери Сымбат Жумабаеванын айтуусунда, бейтаптын абалы оор бойдон калууда:

«Окуучу баланын ичине бычак тийген. Аябай оор абалда эс-учун жоготуп келген. Биз дароо операцияга алып чыктык, бирок Камилов көп кан жоготкон экен, каза болуп калды. Экинчиси каза болгон бала менен тең юридикалык колледждин студенти экен. Анын көкүрөгүнө бычак тийиптир. Ага да операция жасалып азыркы учурда абалы өтө оор».

Кылмышка шектүүлөр кармалды

Ош шаардык милициясы кылмыш болгон күнү эле шектүүлөрдү күчөтүлгөн тартипте издөөгө алганын жарыялап, кечинде үч бала кармалганын маалымдады.

Ош ШИИБнын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун билдиришинче, өспүрүмдөр ортосундагы чыр өз ара сөз талаштан чыккан.

Замир Сыдыков.
Замир Сыдыков.

«Кылмышка шектүү үч адам кармалды. Алардын бири негизги фигурант. Ал дагы 2004-жылы туулган бала экен. Өз ара сөз талаша кетишип, жанында салып жүргөн бүктөмө бычагы менен экөөнү тең бычактап салганы аныкталып жатат. Бүгүнкү күндө үчөө тең Ош шаардык убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Баары тең Бишкектин тургундары, ал жактан беш күн мурда келишкен. Бычак сайган баланын өзүнүн айтуусунда, буга чейин эки ирет уурулук кылып кармалып, сот органдары жашы жете электигин эске алуу менен коё беришкен экен. Башка дагы кандай иштерге тиешеси барын тергөө иштеринин жүрүшүндө аныктайбыз».

«Учкуч болом»

12-февраль күнү каза тапкан окуучу Баэл Камилов Ош шаарына жакын жайгашкан Манас айылында жерге берилди. Анын жакындары Баэл учкуч болууну кыялданып жүргөнүн айтышат.

Окуя болгон тар көчө.
Окуя болгон тар көчө.

«Эч кимге жамандыгы жок болчу. Капаланса, бирөөгө билдирбей сыртынан күлүп жүрө берчү. Мага көп нерселерин айтып берчү. Мектепте жакшы окуп, "учкуч болом" деп кыялданчу эле», — деди Камиловдун досу Азамат Бектемир уулу.

Билим берүү жана тарбия боюнча адис Асылбек Жооданбеков балдардын кылмыш чөйрөсүнө аралашып кетишине ата-энелердин тарбия берүүгө жөндөмү жетишпей, алардын кароосуз калып жатканы себеп болууда деп эсептейт.

«Тилекке каршы бүгүнкү күндө биздин коом ата-эне болууну жакшы өздөштүрө албай жатат. Көпчүлүгүбүз биологиялык ата-энелик менен чектелип баланын тамак-ашы, үстүндөгү кийим кечеси менен эле алек болуп калдык».

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Шаардык милициянын маалыматында, 2020-жылы окуучулар арасында кылмыштуулук азайып, өлүм менен коштолгон учур катталган эмес.

2019-жылы Ош шаарындагы «Кыргызстандын 40 жылдыгы» мектебинин 8-классынын окуучусу да бычак жеп каза тапкан. Анын өлүмүнө шектүү деп бир класс жогору окуган башка мектептин окуучусу кармалган.

XS
SM
MD
LG