Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Аравандагы таксист кабылган өкүмзордук


Араван.
Араван.

Ош облусунун Араван районунун Чек-Абад айылына балалуу келинди жеткирип барган таксист жигит токмок жеген.

Окуя 30-апрель күнү болуп, 23 жаштагы жигитти келиндин күйөөсүнүн достору «экөөң жакын мамиледе болгонсуңар» деп сабап, коркутушкан. Учурда бул факт боюнча 8 кишиге кылмыш иши козголду.

Окуяга байланыштуу бир нече видео «WhatsApp» аркылуу тарап кеткен. Видеодон жаш балалуу аял машинеден түшүп жатканын, айдоочу кечирим сураганын көрүүгө болот. Дагы бир тасмада багаж бөлүмүнүн ичинде жаткан жигитти топ балдар сөгүп, ур-токмокко алып, «айылга дагы бир жолу келсең жыныстык мүчөңдү кесип, өлтүрүп коёбуз» деп коркутуп жатканын көрүүгө болот.

Милициянын маалыматына караганда окуя 30-апрель күнү кечинде болгон. Токмок жеген киши арыз жазып, кылмышка шектүү 4 адамга жана кылмышты жашырып, эч кандай чара көрбөгөнү үчүн дагы 4 жаранга иш козголуп, жалпысынан 8 кишинин иши тергелүүдө.

Жеңиш Аширбаев.
Жеңиш Аширбаев.

«Сотко чейинки териштирүү башталды. Бүгүнкү күндө 4 кылмышка шектүү кишинин бөгөт чарасы каралып жатат. Кылмышты жашыргандар боюнча да өзүнчө каралып жатат», - деди Ош облустук ички иштер башкармалыгын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев.

Араван, Ноокат, Өзгөн райондорунда өкүм зордук буга чейин да болуп келген. Мындан үч жыл мурун коңшу айылдык кыз менен сүйлөшкөн жигитти кыздын айылдаштары токмоктоп, ал ооруканадан каза болгон.

Кыз-келиндерди коргоо деп түшүндүрүп, алар менен байланышкан жигиттерге карата зомбулук көрсөткөн окуялардын себеби тууралуу Ош ОИИБнин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев буларды белгиледи:

«Иликтеп келгенде диний көз караштан улам чыгат. Өз алдынча мыйзамсыз жазалоо уюштурган учурлар кездешкен. Көбүнчө жаштардын арасында болуп жатат. Биз муну диний көз караштарга байланыштырдык».

«Ачыкка чыкпаган учурлар көп»

Араван районунун тургундарынын айтымында, эл арасында балдар айылма-айыл, көчөмө-көчө болуп, кыздарды «коргоп» өз алдынча өкүм чыгарган учурлар байма-бай болуп турат. Мындай пикирге жергиликтүү юрист Мухайё Абдураупова да кошулат. Юристтин баамында укук коргоо органдарына кайрылбай, коомчулук билбей калган учурлар мындан да көп болушу мүмкүн.

Мухайё Абдураупова.
Мухайё Абдураупова.

«Эгер жабырлануучу өтө катуу жабыркабаса, денесинен олуттуу залал келбесе — ал эч жакка кайрылбашы мүмкүн. Андай окуялар көмүскөдө кала берет. Катуу жабыркап ооруканага түшкөн учурда гана жараат алганы жөнүндө күч органдарына кабар берилет да. Диний түшүнүктөн улам деп ойлобойм. Анткени диний түшүнүгү кенен киши андай жолго барбайт да. Канча эркектер балдарын карабай, керек болсо, алимент да төлөбөй жүрүшөт», - деди Абдураупова.

Укук коргоочу, «Бир дүйнө - Кыргызстан» уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова өкүмсүз жазалоо же элдик сот уюштуруу биринчи кезекте сабатсыздыктан келип чыгарын айтууда. Ал Кыргызстанда аймагына, улутуна карабай, бардык жерде кыз-келиндердин укугу тепселип, алардын жеке жашоосуна айланасындагы кишилер кийгилишип жатышканын билдирди:

Төлөкан Исмаилова.
Төлөкан Исмаилова.

«Келиндин күйөөсүнүн жолдоштору таксистти сабап, айылдан кууп чыккан окуя жүрөгүбүздү оорутуп жатат. Анализ боюнча, эксперттердин көз карашы боюнча, ошол эле өкмөттүн, ИИМдин статистикасына караганда аялдарга каршы зомбулук күндө катталат. 8-мартта айтса эркектер чычалашты. Кыргызстанда келиндерди кул катары пайдаланышат. Баргандан баштап кайнене, кайната, кошуна, күйөөсү, күйөөсүнүн достору - баары».

Расмий эсепке ылайык, 2019-жылы өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 5 миңден ашуун факты катталып, 5 миңден ашуун коргоо ордери берилген. 580 иш сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG