Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:12

БУУнун агенттиги Тажикстанды ооган качкындары үчүн чек араны ачууга чакырды


Тажикстандагы ооган качкындары
Тажикстандагы ооган качкындары

БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгы Тажикстандын ооган бозгундар үчүн чек арасын жапканына каршы чыкты.

Уюмдун Борбор Азиядагы өкүлү Ханс Фридрих Шоддер 23-ноябрда Дүйшөмбүдөгү маалымат жыйында билдиргендей, ушу тапта тажик жергесинде оогандык 12 миң качкын бар, алардын жарымы жыл башында учак менен келген. Тажик бийлиги менен чек араны ачуу сүйлөшүүлөрү жүрүп жатат.

"Эл аралык нормаларга жана Тажикстандын мыйзамдарына ылайык, ар бир өлкө башпаанек сураган адамдарды кабыл алуу милдеттенмесин алат. Ошол эле маалда, ар бир мамлекет качкындарды кабыл алуу же албоону өзү чечет", - деп кошумчалады БУУнун өкүлү.

Шоддер быйыл жайдан бери тажик бийлиги качкындарга тиешелүү документтерди берүүнү токтотуп койгонун белгиледи.

Агенттик Дүйшөмбүнү ооган качкынын мекенине кайтаруудан карманууга чакырды.

Тажикстан 11-ноябрда 11 ооганды, арасында балдар менен аялдарды артка кайтарганы кабарланган.

Августтун ортосунда Ооганстанда бийликти “Талибан” (Кыргызстанда тыюу салынган) кыймылы басып алгандан бери миңдеген оогандыктар башка өлкөлөргө, анын ичинде Тажикстанга агылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG