Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:05

НАСА астероиддердин багытын өзгөртүүнү көздөйт


АКШнын космос агенттиги – НАСА сателлит учуруп, астероиддердин траекториясын өзгөртүүнү максат кылган эксперимент баштады. Диморфос деген чакан астероидди көздөй багыт алган жабдык саатына 24 миң километр ылдамдык менен эмки күзгө чейин 10 миллион чакырым аралыкты учуп өтүп, “чакан планетаны” сүзүшү керек.

Окумуштуулар ошондон кийин астероид траекториясын өзгөртөт деп үмүттөнүшөт. Диморфос жерге эч кандай коркунуч жартапайт, аны жөн гана эксперимент үчүн тандап алышкан.

Конгресстин тапшырмасы менен америкалык астрономдор жашыл планетага жакындаган миңдеген астероидге көз салышууда.

Компьютердик моделдерге караганда, алдыда жүздөгөн жыл астероид менен кагылышуу коркунучу болбойт. Адистердин айтымында, андай мүмкүнчүлүктү таптакыр жокко чыгарууга да болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG