Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:29

БШК талапкер кандай шартта шайлоодон четтетиле турганын билдирди


Борбордук шайлоо комиссиясы эки эскертүү берилгенден кийин талапкерди шайлоодон четтетүү тууралуу маселени мыйзам бузуунун оордугуна жараша карайт. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти.

БШКнын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Медина Кутбердиева Боршайком эскертүү берүүдөн тышкары Шайлоо мыйзамынын 28-беренесине ылайык, үгүт өнөктүгү учурунда бийликти басып алууга, этникалык араздашууга чакырык болсо, добуш сатып алуу, административдик ресурс фактылары катталса, талапкерди же партияны шайлоодон четтетүү боюнча чечим кабыл алышы мүмкүн экенин белгиледи.

23-ноябрда буга чейин жазуу жүзүндө эскертүү алган №20 Манас округунан депутаттыкка талапкер Дастанбек Жумабековго эки айып пул салынды.

Шайлоо башталгандан бери жалпы жонунан ондон ашык талапкер Борбордук шайлоо комиссиясынан эскертүү алышты. Алардын арасында №14 Жалал-Абад шайлоо округунан талапкер Шайырбек Ташиев, №25 Аламүдүн шайлоо округунан талапкер Болотбек Бегалиев, №32 Кочкор шайлоо округанан талапкер Ормон Нурбек уулу, №3 Кадамжай шайлоо округунан талапкер Нурали Талипов, №21 Октябрь шайлоо округунан талапкер Дастан Бекешев, №11 Алай округунан талапкер Улан Примов эскертүү алышты.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот. Жогорку Кеңештеги 90 орунга саясий партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат. Үгүт иштериндеги мыйзам бузуулар тууралуу ар бир жаран БШКга арызданууга акылуу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG