Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:36

БШК Дастанбек Жумабековго эки айыппул салды


Дастанбек Жумабеков.
Дастанбек Жумабеков.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дастанбек Жумабековго эки айыппул салды.

Таластын Манас районундагы №20 бир мандаттуу шайлоо округунан талапкерлигин койгон Жумабеков "Фейсбукка" жарыялаган үгүт тасмасынын каржылык булагын көрсөткөн эмес. Үгүт эрежесине ылайык, ар бир жарнамалык материал үчүн талапкердин шайлоо фондунан акы төлөнгөнү ачык айтылышы керек.

Жумабековдун өкүлү социалдык желеге чыгарылган видеону бышыктап, кийин өчүрүлгөнүн айтты. Жумушчу топ "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү" Конституциялык мыйзамдын талаптары бузулган деп, талапкерге 7,5 миң сом айыппул салууну сунуш кылды. Бул сунуш БШКнын 23-ноябрдагы жалпы жыйынында колдоо тапты.

Ошондой эле талапкердин бир тууганы, дарыгер Сабырбек Жумабековдун кайрымдуулук максатында жасаган операциясы үгүт катары колдонулганы тууралуу арыз түшкөн. Бул темадагы макаланы "Супер инфо" гезити чыгарган. БШК бул үчүн да талапкерге 7,5 сом айыппул салып, басылмага эскертүү берди.

Дастанбек Жумабековдун үстүнөн арыздарды жеке жаран жазган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот. Жогорку Кеңештеги 90 орунга саясий партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат. Үгүт иштериндеги мыйзам бузуулар тууралуу ар бир жаран БШКга арызданууга акылуу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG