Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:32

Кыргызстандык акын Рахим Каримге "Күмүш калкан" эл аралык сыйлыгы ыйгарылды


Рахим Карим англис тилинде жарык көргөн китебин кармап турат.
Рахим Карим англис тилинде жарык көргөн китебин кармап турат.

17-ноябрда Латын Америка Жазуучуларынын Бүткүл дүйнөлүк бирикмеси кыргызстандык акын жана жазуучу Рахим Каримге (Каримовго) Эл аралык күмүш калкан сыйлыгын тапшырды. Бул тууралуу уюмдун жана Каримдин "Фейсбуктагы" баракчаларында маалымат жарык көрдү.

Дүйнөлүк маданиятты, билимди, адабиятты жана искусствону өнүктүрүүгө, жер бетинде тынчтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн ыйгарылган сыйлыкка ошондой эле 40тан ашык өлкөнүн 145 өкүлү татыды. Лауреаттар 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча аныкталган.

Жеңүүчүлөрдүн тизмесинде Португалия, Бразилия, Мексика, Перу, Орусия, Испания, Египет, Панама, Аргентина, Колумбия, АКШ, Пуэрто-Рика, Түркия, Румыния, Дания, Малайзия эана башка өлкөлөрдүн чеберлери бар.

Ыйгарылган дипломдо сыйлык Перуда тапшырылганы жөнүндө белгиленген. Рахим Карим ал жака бара албаганын "Азаттыкка" билдирип, сыйланганы тууралуу дипломго аралыктан туруп ээ болгонун айтты.

Рахим Карим – акын, жазуучу, публицист, котормочу. 1960-жылы Ош шаарында туулган. Москвадагы Максим Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн. Улуттук жазуучулар союзунун, Кыргызстан журналисттер биримдигинин мүчөсү. Орус тилдүү жазуучулардын эл аралык федерациясынын Кыргызстандагы расмий өкүлү.

Кыргызстан, Орусия, Украина, Өзбекстан жана Германиянын композиторлору менен биргеликте жазылган кыргыз, өзбек, орус тилдериндеги 20дан ашык популярдуу ырлардын автору. Анын чыгармалары 25тен ашык тилге которулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG