Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Улут аралык ынтымак: достукка доо кетпесин


"Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусу үч жыл мурдагы улут аралык жаңжалдын сабактары, ынтымак-ырашкердиктин баасы менен баркы туурасында болду.

Талкууга коомдук ишмер Жыпар Жекшеев, Оштон акын, жазуучу Рахим Карим жана президенттин аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен мамилелер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Нуржигит Кадырбеков катышты.

“Азаттык”: 2010-жылдагы окуялар бизге ынтымактын баасы менен баркын, эл-журтка тынчтык деген канчалык маанилүү экенин көрсөттү. Бул окуялардан карапайым калк эле жабыркады деп айтып жүрөбүз. Акыркы жыйырма жылда эки ирет кайталанган улут аралык калабадан кыргыз бийликтери жана коому кандай сабак алышы керек?

Жыпар Жекшеев: Мындай окуя Кыргызстанда экинчи эмес, үчүнчү ирет кайталанып жатат. Азыр кыргызстандыктардын көбү билбей калды. 1963-жылдардан кийин айрым өзбек аксакалдары, лидерлери Москвага чейин кайрылып, Ошту автономия кылып бөлүп бергиле дегендей маселе көтөрүшкөн. Ал кезде Союз күчтүү кези, өз учурунда муну тыйып коюшкан.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:

please wait

No media source currently available

0:00 0:13:40 0:00
Түз линк


please wait

No media source currently available

0:00 0:11:35 0:00
Түз линк


Туура акыркы жыйырма жылда эки кагылыш орун алды. Анда абдан пландаштырылган, ойлонулган, кенедей иш-чараларына чейин эсептеген чоң акция болду. Ылайым эле Кыргыз жергесинде мындай бузуку иш кайталанбасын. Бул жерде жалпы өзбек элин күнөөлөгөндөн алысмын, кыргыздардын да, өзбектердин да күнөөсү жок. Бул жерде сепаратисттик күчтөр дайым болуп келген, азыр да бар. Аларды алдын ала иштеп, экинчи мындай кагылышуу болбош үчүн аракет көрүшүбүз керек.

Бийлик мындан канчалык сабак алганын айта албайм. Бирок ошол ишти качан болот деп күтүп отурбай, болтурбоо иш-чараларын жүргүзүп, активдүү саясат болушу керек бул багытта. Ал эми эл албетте сабак алды. Жанагыдай бузуку күчтөр уюштургандан кийин эл деген ээ боло албай калат.

Рахим Карим: Бул өтө татаал, ошол эле кезде абдан назик суроо. Менимче ага жоопту ар бир адам өзүнөн издөөгө тийиш. Себеби ар бир адам өзүн канчалык сыйласа, урматтаса башкаларды да ошончолук кадырлашы керек деп ойлойм. Ошондо гана бул сыяктуу кыйын, курч суроолорго оңой эле жана так жооп тапса болот.

Биз миң жылдардан бери эриш-аркак жашап келген элденбиз. Мындан ары да андай окуялар кайталанбашы үчүн өзбек-кыргыз достугуна доо кетирбестен, аны этияттап урпактарыбызга мурас катары калтырууга милдеттүүбүз деп ойлойм. Азыр элдер мурдагыдай эле бири-бири менен жылуу мамиледе жашап атышат.

Нуржигит Кадырбеков: Кыргызда “көч бара-бара түзөлөт” деген жакшы сөз бар. Ушунусуна да шүгүр. Азыркы мезгилде тынчтык, бейпилдик көрүнүп турат. Экинчиден, Жаш ишкерлер ассоциациясы менен бирге кыргыз-өзбек ишкерлери биргелешип бизнестерди ачканы кубандырат.

Андан сырткары жаштар комитети жакшы иштерди алып барууда. Мурда мамлекет тарабынан этностор аралык мамилелерди жөнгө салган атайын структура жок болчу. Атайын мамлекеттик агенттик быйыл түзүлдү. Алардын өкүлчүлүгү ачылып, максаттуу түрдө алдын алуу, аналитикалык, талдоо иштерин жүргүзүүдө. Кудай буюрса жылдан жылга жагдай жакшы. Ош шаарынын да гүлдөп, өнүгүп жатканы көзгө көрүнүп турат.
XS
SM
MD
LG