Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:04

“Улуттук музейди ачуу менен маселе чечилбейт”


Жаңы ачылган музейге кирүүгө кезек күткөндөр. 21-ноябрь, 2021-жыл.
Жаңы ачылган музейге кирүүгө кезек күткөндөр. 21-ноябрь, 2021-жыл.

Кыргызстандын Улуттук тарых музейи беш жылдык тыныгуудан кийин көрүүчүлөргө кайрадан эшигин ачты. Адистердин баамында музейдин ачылышы өкмөттүн жана илимпоздордун алдына жаңы милдеттерди жүктөдү. Алардын катарында музейди илимий-изилдөө борборуна айландыруу, мазмунун байытуу милдеттери бар.

Ушул жана башка маселелер “Арай көз чарай” берүүсүндө талкууланды. Талкууга президенттин кеңешчиси, тарых илимдеринин кандидаты, жазуучу Арслан Койчиев жана тарых илимдеринин кандидаты “Манас” кыргыз-түрк университетинин профессору Кубат Табалдыев катышты.

- Акыркы жылдары чыр-чатактар, соттук териштирүүлөрдөн арылбай келаткан Улуттук тарых музейинин ачылышы өлкөдөгү ири окуя катары катталды. Музей жетекчилигинин маалыматына караганда күнүнө 4-5 миң киши кирип жатат. Көп күттүргөн бүгүнкү тарых музейинин маани-мазмунуна кандай баа бересиздер? Окумуштуулардын, эксперттердин кеп-кеңештери эске алындыбы?

Арслан Койчиев
Арслан Койчиев

Арслан Койчиев: Тарых музейинин Кыргызстан үчүн мааниси чоң. Ал 1925-жылы түптөлгөн. 1924-жылы Кыргыз автоном облусунун, ага удаа тарых музейинин түзүлгөнү мамлекеттүүлүккө терең маани берилгенинен кабар берген. Анткени, ал кезде улуттук мамлекетти түзүү, ага жараша улуттук аң-сезимди калыптандыруу керек эле. Тилекке каршы, жаңыланган тарых музейин биз эгемендик алгандан 30 жылдан кийин түзүп атабыз. Албетте, улуттук деп жарыялап койгонбуз, бирок анын мазмуну эски бойдон калып келген.

30 жылдан кийин жаңыланган музейдин беш жылы ызы-чуу, ыр-чыр менен коштолуп калды, тилекке каршы. Бул бетке чиркөө окуя болду. Ошентсе да, музейди расмий ачып бердик. Коомчулукка кут болсун!

Албетте, музейдин мазмундук өзгөчөлүгү – концепцияда улуттук көз карашты камтуу аракетинде. Бирок, бул канчалык деңгээлде ишке ашты? Ал башка маселе.

Кубат Табалдыев
Кубат Табалдыев

Кубат Табалдыев: Музей жабылгандан кийин экспонаттарды коюуну жакшыртуу багытындагы иштерге Кыргызстандын көрүнүктүү тарыхчы илимпоздору жапырт катышты. Музей ишинде көп көз караш болот. Мисалы, бир экспонатты коюу үчүн беш адистин көз карашы, пикири керек. Алар - музей кызматкерлери, археология, этнография багытындагы тарыхчылар, дизайнер-сүрөтчүлөр. Көз караштардын саясий өңүтү да каралат. Саясий өңүт айрыкча, тарыхый экспозицияны түзгөндө каралат. Үч кабаттуу бул музейдин биринчи кабатынын экспозициясын археолог катары түзгөнгө толук катышып, болгон кеңешимди бердим.

Арслан Койчиев: Музейдин мазмунуна адис катары ичим чыккан жок. Бул ишке мурда аралашкан жок элек. Четинен угушубузга караганда канчалаган миллион (айрым маалымат булактарында музейди реконструкциялоого 21,5 миллион евро коротулганы кабарланган – ред.) коротулган экен. Ошонун жок дегенде бир миллионун тарыхчыларга бөлүп койгондо Анвар Мокеев, Тынчтыкбек Чоротегин өңдүү тарыхчылар чогулуп, мындан да мыкты мазмунду жасап коймок экен. Мисалы, биздин орто кылымдагы тарыхыбызды алалы, Караханиддер доорун, түрктөрдү, Моголстанды, кыргыз элинин жаралышын, этногенезин мындан да мыкты чагылдыруу мүмкүнчүлүктөрү болгон экен.

Айла жок. Мындан ары эми улуттук музейди агартуучулуктун жана илимий изилдөөнүн борборуна айландыруу керек. Музейди жаңылоонун, байытуунун үстүндө иштейли. Бул жөнүндө жакында тарыхчылардын, музей адистеринин кеңешин түзүү, музейдин мазмунун байытуу маселесин сүйлөштүк.

Экономикалык жактан жардыбыз деп отура бербешибиз керек. Өкмөт өп-чап каржылап атат. Археологиялык, илимий изилдөөлөр жүрүп атат. Мисалы, Караханид дооруна таандык бир экспонатты коюшка акча сурап отурбай, атуулдук парз катары караганга эмнеге болбойт? Өкмөт жанагынча акчаны сапырып, жасалгасын оңдоду. Эми аны мазмун менен байытуу маанилүү. Улуттук музейди Борбор Азиядагы 90 миң экспонаты бар эң бай музей деп атабыз. Байлыгын көрсөтөлү да. Экинчи жагынан музей адистери чабал болуп, ошол жагынан катачылык кетип калганбы деген ойдо калдым.

Кубат Табалдыев: Арслан мырза Моголстан боюнча экспонат жок деп атат. Моголстан дооруна таандык обьект Токтогул жергесинде суунун астында калган. Чүйдөгү хансарай совет мезгилинде түздөлүп жок болгон. Бирок, ошону чагылдыруу музейдин концепциясында бар болчу. Биз пикирибизди билдиргенбиз. Бул эске алынып, түрк адистери, дизайнерлер, архитекторлор менен иштеген учурда мозаика түрүндө чагылдырылмак. Кийин абал өзгөрүп кетти.

Дагы бир нерсени эске алыш керек. 35 жылдан бери Кыргызстан археологиялык изилдөөлөрдү каржылабайт. Бул жагынан Кыргызстан дүйнөдөгү жалгыз мамлекет. Өзүңүз катышкан Кочкордогу 1987-жылдагы изилдөө совет мезгилиндеги акыркы изилдөө болуп калды. Археологиялык эстеликтерди сактоо боюнча да атайын уюму жок жалгыз мамлекет – Кыргызстан.

Ал эми музей кызматкерлери боюнча. Аны жакшыртуу үчүн музейдин өзүнүн археологиялык, этнографиялык экспедицияларын уюштуруп, экспонаттарды топтоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтиш керек. Улуттук деген макам илимий изилдөө жүргүзөт, китеп чыгарат дегенди билдирет.

Бүткүл Европада XVII кылымдан бери келаткан музейлерде күчтүү илимий борборлор бар. Биздин музейде өзүн-өзү каржылоо мүмкүнчүлүгү болот. Биз бир жолу уюштуруп көргөнбүз. Элден түшкөн каражаттын ичинен атайын эепке бөлүп, жылына археологиялык-этнографиялык изилдөө жүргүзгөнгө болот. Мына ошону кеңейтсе, жанагы чабалдык сыяктуу маселе жоюлат.

Бул жерде бир нерсени эске алышыбыз керек. Музей ачылды деген иш бүткөнүн түшүндүрбөйт. Бул иштин башталышы.

Талкуунун толугу менен аудиосунан угуңуз:
“Улуттук музейди ачуу менен маселе чечилбейт”
please wait

No media source currently available

0:00 0:21:40 0:00
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG