Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:31

Мамлекеттик тил жөнүндө конституциялык мыйзам жазылды


Кыргыз тил күнүнө арналган жыйын.
Кыргыз тил күнүнө арналган жыйын.

"Мамлекеттик тил жөнүндө" конституциялык мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу жыйынтыкталды. Учурда келип түшкөн сунуш-пикирлер каралып жатат. Бул тууралуу Улуттук тил комиссиясынан билдиришти.

Аталган мыйзам долбоору 22-октябрдан 22-ноябрга чейин коомдук талкууда турган.

Документ мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамды жаңы Баш мыйзамга шайкеш келтирүү максатында жазылган.

Президентке караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияны тилчи-окумуштуу Сыртбай Мусаев жетектейт.

22-ноябрда тил комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп Санжарбек Тажиматов дайындалды.

Кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгонуна быйыл 32 жыл толду. 1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, андан кийин мамлекеттик макам берилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG