Өзүн күрөөкана деп атаган "Сомо" компаниясынан насыя алган жарандар алган акчасын гана кайтарып берет. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы билдирди.
Аталган кызматтан билдиришкендей, "Сомо" компаниясынан насыя алган жарандардын пайызын, үстөк пайызын жоюп, негизги сумманы кайтарууну кардар айткан мөөнөткө жылдырып берүү боюнча талап коюлду.
Ошондой эле "Сомо" компаниясынан акча алган жарандар насыя берүүчүлөрдүн бюросунун кара тизмесинен чыгарылат.
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы "Сомо" компаниясынын лицензиясы үч айга токтотулганын, бул мөөнөттө компания насыя бере албай турганын, насыянын негизги суммасын чогултуу жана узартуу иши менен гана алектенишерин билдирди.
Октябрдын башында Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы өзүн күрөөкана деп атаган "Сомо" компаниясынын Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарына жооп бербеген бардык филиал жана өкүлчүлүктөрүн жабуу тууралуу буйрук берген.
Ага чейин 15 мүнөттө насыя алууга азгырган, өзүн ломбард атаган "Сомо" компаниясынын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн журналист Али Токтакуновдун “МедиаХабы” иликтеп чыккан.
Анда аталган компаниянын ээси латвиялык бизнесмен экени, Латвиянын өзүндө ишмердүүлүгү чектелгени тууралуу айтылган.
Иликтөөдө сурамжылоого катышкан жүздөн ашуун кишинин басымдуусу “Сомодон” 10 миң сомдун тегерегинде насыя алып, кайтара албай калганын айтышкан. Компания карызды убагында төлөй албагандарга жиберген коркутуп-үркүтүүлөрү сүрөтү менен жарыяланды.
"МедиаХаб" иликтөөнүн жүрүшүндө “Сомонун” негиздөөчүлөрү Латвияда катталган Sun Finance Central Asia жана SIA P3 Capital (жаңы аты Capital KG) аттуу компаниялар экенин аныктаган. Бул эки компания тең латвиялык Айгарс Кесенфелдс аттуу адамга таандык болуп чыккан.
Быйыл февралда RE:Baltica иликтөө борбору Кесендфелдс тууралуу кенен материал жарыялаган. Анда дүйнөнүн 20га чукул өлкөсүндө Кесенфелдс жалгыз же өнөктөштөрү менен 150 компанияга ээлик кылары жазылган.