Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:07

Кеминде жогорку чыңалуудагы устун кулап, жарык үзгүлтүккө учурады


Жогорку чыңалуудагы линияда иштеп жаткан электриктер. Иллюстрациялык сүрөт.
Жогорку чыңалуудагы линияда иштеп жаткан электриктер. Иллюстрациялык сүрөт.

Кеминдеги Быстровка көмөк чордонунда 28-ноябрга караган түнү электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. Буга катуу шамалдан улам жогорку чыңалуудагы устундун (зым карагай) кулаганы себеп болгон. Баштапкы маалыматтарга караганда, жабыркагандар жок.

"Кыргызстандын улуттук электр түйүндөрү" ишканасы кошумча түркүк орнотуу аракети көрүлүп жатканын, аймактагы добушканалар электр энергиясы менен камсыз болгонун кабарлады.

Энергетика министрлигинин, "Улуттук энергохолдингдин" жана "Кыргызстандын улуттук электр түйүндөрү" ишканаларынын кызматкерлери күз-кыш мезгилинде күчөтүлгөн режимде иштеп жатканы айтылды.


Ар кандай бузулган, үзүлгөн учурларды калыбына келтирүү үчүн атайын авариялык-оңдоо бригадалары түзүлгөн. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байланыштуу атайын жооптуу адистерден турган кошумча бригадалар түзүлүп, нөөмөт уюштурулду.

Бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Аралаш система менен өтүп жаткан шайлоого партиялык тизме менен 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54ү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG