Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:17

Нарын: Саат 16:00гө карата шайлоочулардын 26,3% добуш берди


Нарын.
Нарын.

Нарын облусунда саат 16:00гө карата шайлоочулардын 26,3% добуш бергенин облус бийлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, бир мандаттуу округдар боюнча 208 804 шайлоочунун 54 082си, ал эми партиялык тизме менен бирдиктүү округдан катталган 206 505 шайлоочунун 54 276сы добуш берип, 26,3 пайызды түздү.

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү бардык шайлоочуларды активдүүлүккө чакырды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий маалыматына караганда, саат 14:00гө карата активдүүлүк Нарын облусунда - 18,9%, эң төмөнкү көрсөткүч Чүй облусунда - 14% байкалган. Кыргызстан боюнча саат 14:00гө чейин шайлоочулардын 16,27% добуш берди.

Былтыркы парламенттик шайлоодо саат 14:00гө карата катышуу 28% болгон эле.

Буга чейин өлкө жетекчилиги шайлоого катышуучулар төмөн болушу мүмкүн экенин эскертип, жарандарды активдүү добуш берүүгө бир нече ирет чакырган. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG