Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:27

ИИМ добуш сатып алууга байланыштуу жети иш сотко жөнөтүлгөнүн билдирди


Ички иштер министрлиги (ИИМ) үгүт өнөктүгү учурунда добуш сатып алуу фактысына байланыштуу жалпы жети ишти сотко жөнөттү. Бул тууралуу ИИМдин Тергөө кызматынын бөлүм башчысы Султан Макилов бүгүн, 28-ноябрда брифингде билдирди. Анын айтымында, Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине үгүт өнөктүгү башталган убактан бери 67 кылмыш жана 76 жорук катталды.

Ал эми бүгүнкү шайлоо учурунда ички иштер органдарына мыйзам бузуу боюнча 15 билдирүү түштү. Анын ичинде белги коюлган беткаптар боюнча дагы маалымат бар. Түшкөн бардык фактылар боюнча териштирүү жүрүп жатканы жана кошумча маалымат берилери айтылды. Макилов өлкө аймагында абал туруктуу экенин жана ал милициянын козөмөлүндө турганын кошумчалады.

Бир мандаттуу округдан талапкер Дастан Бекешев атайын белгиси бар беткап кийип жүргөндөрдү байкоочулар байкашканын жазган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) алдында арыз-даттанууларга ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобу түзүлгөн. Ал шайлоо өнөктүгү жана шайлоо күнүндөгү мыйзам бузуулар боюнча иш алып барууда.

Буга чейин БШКнын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров эртең мененки саат 8:00дөн түшкү 14:00гө чейин шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча 17 кайрылуу түшкөнүн билдирген. Ал эми шайлоо өнөктүгү башталган учурдан тартып мыйзам бузуулар боюнча жалпы 106 кайрылуу келген.


28-ноябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54тү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын партиялык тизме менен шайлоого 3 миллион 703 миңден ашуун жаран катталган. Бир мандаттуу округдардан 3 миллион 619 миңден ашат. Чет өлкөдө жүргөн шайлоочулар бир мандаттуу округдар боюнча тизмеге киргизилген эмес.

Жалпысынын 2494 шайлоо тилкеси ачылган. Алардын 59у чет өлкөлөрдө.

Кыргызстанда шайлоо тилкелери эртең мененки саат 08:00дө ачылды. Добуш берүү кечки саат 20:00дө аяктайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG