Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:50

Шайлоо: Сахалинде добуш берүү аяктады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Сахалин облусуна караштуу Түштүк Сахалин шаарында ачылган №9013 шайлоо тилкесинде добуш берүү аяктаганын билдирди. Анда 203 адам добуш берди жана мыйзам, эреже-талап бузуу фактылары катталган жок.

Мунун алдында социалдык тармактарда Сахалиндеги добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгы тууралуу маалымат чыккан. Анда "Бүтүн Кыргызстан" партиясы 76, "Ишеним" 32, "Ыйман Нуру" 16, "Ынтымак" 16, ал эми "Альянс" 11 добуш алганы көрсөтүлгөн.

28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54ү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын партиялык тизме менен шайлоого 3 миллион 703 миңден ашуун жаран катталган. Бир мандаттуу округдарда 3 миллион 619 миңден ашат. Чет өлкөдө жүргөн шайлоочулар бир мандаттуу округдар боюнча тизмеге киргизилген эмес.

Жалпысынын 2494 шайлоо тилкеси ачылган. Алардын 59у чет өлкөлөрдө.

Кыргызстанда шайлоо тилкелери эртең мененки саат 08:00дө ачылды. Добуш берүү кечки саат 20:00дө аяктайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG