Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:51

Милиция: Таласта акча таратылганы тууралуу маалымат такталган жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Талас шаарындагы "Шанхай" жаңы конушунда шаардык кеңештин депутаттарынын бири акча таратып жатат делген маалымат такталган жок. Бул тууралуу "Азаттыкка " облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди. Анын алдында "Фейсбукта" Назар Абдыкадыров аттуу колдонуучу "Дөө" деген каймана ат менен таанымал жергиликтүү кеңештин депутаты "Шанхайда" акча таратып жатканын жазган.

Бул маалымат реестрге катталып, текшерип-иликтөө жүргүзүлгөн. Милиция арызда айтылган шаардык кеңештин депутатынын аты-жөнүн атаган жок. Ошондой эле бул маалыматты жазган социалдык тармактын колдонуучусунун дагы тек-жайы такталбаганын маалымдады.

Аймактык шайлоо комиссиясынын билдиришинче, азырынча добуш берүүдөгү мыйзам бузууларга байланыштуу жазуу түрүндө арыз-даттануу түшө элек. Бирок шайлоочуларды ташыган учурлар тууралуу оозеки кайрылуулар болду.

Таласта жалпысынан 163 104 шайлоочу катталган. Борбордук шайлоо комиссиянынын саат 14.00 маалыматына караганда алардын 18% гана добуш берди. (MkT)

XS
SM
MD
LG