Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:20

Өкмөт коронавирустун жаңы түрүнүн жайылуу коркунучун талкуулады


ДССУ Түштүк Африка Республикасында аныкталган коронавирустун жаңы штаммын "Омикрон" деп атаган.
ДССУ Түштүк Африка Республикасында аныкталган коронавирустун жаңы штаммын "Омикрон" деп атаган.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Твиттердеги" баракчасына жазды. Анда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ), Саламаттык сактоо жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен коронавирустун "Омикрон" деп аталган түрүнүн жайылуу коркунучу талкууланганын билдирди.

ДССУ Түштүк Африка Республикасында аныкталган коронавирустун жаңы штаммын "Омикрон" деп атаган. Уюмдун маалыматына караганда, мутациялардын сериясына кабылган B.1.1.529 вирусу организмдеги протеиндин курамына таасир этет. Азыркы вакциналар мындай өзгөрүүгө жетиштүү күрөшө албашы мүмкүн.

Түштүк Африкада 11-ноябрда аныкталган коронавирустун бул түрү мурдагыларга салыштырмалуу ылдам тарап жатканы, буга чейин вирустун башка штаммдары менен ооругандарга жукканы аныкталган.

Бул штамм Ботсвана, Израил, Бельгия, Гонконг, Британия жана Германияда аныкталды. Көпчүлүк мамлекеттер "Омикрон" катталган өлкөлөргө аба каттамдарын токтотту.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG