Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:38

Саат 16:00гө карата добуш берүү көрсөткүчү 22% ашты


БШКнын расмий маалыматы.
БШКнын расмий маалыматы.

Кыргызстанда бүгүнкү парламенттик шайлоодо республикалык бирдиктүү шайлоо округунан саат 16:00гө карата добуш бергендердин саны 22,39% болду. Ал эми бир мандаттуу округдарда бул көрсөткүч 22,54% болгонун Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Бир мандаттуу округдар боюнча эң активдүү Кочкор округу (27,91%), эң солгуну Сокулук округу (17,19%) болууда.

Бирдиктүү округда алдыда Нарын облусу (26,29%) келе жатат, эң пассивдүү Чүй облусу (19,97%)болуп жатат.

Бул жолку өнөктүк жыйынтыгы жокко чыгарылган былтыркы парламенттик шайлоонун ордуна өткөрүлүп жатат.

Былтыр саат 16:00гө карата элдин шайлоого катышуусу 36,81% болгон.

Буга чейин өлкө жетекчилиги шайлоого катышуучулар төмөн болушу мүмкүн экенин эскертип, жарандарды активдүү добуш берүүгө бир нече ирет чакырган.

Бүгүнкү шайлоонун жыйынтыгында Жогорку Кеңештин 90 депутатынын 54ү Кыргызстан боюнча бирдиктүү округдан партиялык тизме менен, ал эми 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG