Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:31

Аксыда айрым добушканалардагы эмдөө нааразылык жаратты


Эмдөө жүргүзүлүп жаткан участок. Аксы району, Жалал-Абад облусу. 28-ноябрь, 2021-жыл.
Эмдөө жүргүзүлүп жаткан участок. Аксы району, Жалал-Абад облусу. 28-ноябрь, 2021-жыл.

Аксы районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагындагы алты шайлоо тилкесинде эмдөө жүрүп жатканына байланыштуу айрым шайлоочулар добуш берүүгө барбай жатышат. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Тилек Турдубаев "Азаттыкка" маалымдады.

"Биз эртең менен шайлоочулар аз добуш берип жатканынан бир сыйра участкалардан кабар алганы барсак, жарандар шайлоого кирбей, "эмдөө жүрүп жатат" деп нааразы болуп жатышыптыр. Медайымдар менен айыл өкмөт башчысы "бул акимдин буйругу" деп айтышты. Аймактагы алты шайлоо тилкесинде тең эмдөө жүрүп жатат. Шайлоочулар эмдөөнү токтотуусун талап кылып жатышат", - дейт Турдубаев.

Бул окуя боюнча Үч-Коргон аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Назира Курбанбаева маалымат берүүдөн баш тартты.

Ал эми Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков эмдөө тартип боюнча күн сайын болоорун ырастап, бирок шайлоо тилкелеринде эмдөө жүрбөгөнүн билдирди. Анын айтуусунда, нааразылыктан улам саат 11ден тартып бардык тилкелерде эмдөө убактылуу токтотулган.

Аксыдагы добушканада "эмдөө жүрүп жатат" деген нааразылык чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:40 0:00

Коронавирус илдетинин жайылуусунун алдын алуу максатында Кыргызстанда март айынан бери эмдөө жүрүп жатат. Аймактарда жана шаарларда медициналык мекемелерден тышкаркы жерлерде да кошумча эмдөө түйүндөрү ачылган.

28-ноябрга карата Кыргызстанда жалпы 2 миллионго чукул адам эмдөөдөн өттү. Анын ичинен 1 миллион 102 миң 406 адам вакцинанын биринчи дозасын, 887 128 адам эки дозасын тең алды.

Кыргызстанда 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жүрүп жатат. Шайлоого партиялык тизме аркылуу 21 саясий партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54ү депутат болуп келет.

Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин жеңип чыккан 36сына мандат берилет.

Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат. (TB/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG