Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:25

Кара-Сууда төрт аптадан бери изделип жаткан 15 жаштагы кыз табылды


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Бүгүн, 28-ноябрда Кара-Суу районунда төрт аптадан бери изделип жаткан 15 жаштагы кыз табылганын Ош облустук милициясы кабарлады.

Милициянын маалыматына караганда, 4-ноябрда болжол менен саат 05:00 чамасында, Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн Жаңы-Турмуш айылынын тургуну 2006-жылы туулган Р. А. аттуу кызы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын айтып кайрылган. Райондук ички иштер бөлүмүндө бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылып, тергөө иштери башталган.

"Тергөөнүн жүрүшүндө кыздын жүргөн жери аныкталып, милиция кызматкерлери кызды ата-энесине өткөрүп беришти. Кыз милицияга берген көрсөтмөсүндө, ата-энеси менен пикир келишпестиктен улам үйүнөн чыгып кеткенин, бул аралыкта Өзгөн шаарындагы ашканалардын биринде иштеп жүргөнүн билдирди",-деп айтылат облустук милиция тараткан маалыматта.

Ошондой эле Чүй облусунун Сокулук районунда 26-ноябрда үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан 10 жаштагы кыз дагы 28-ноябрда табылганы белгилүү болду.

Апта соңунда Жалал-Абад облусунун, Сузак районунда тогуз жаштагы Сумая аттуу кыз дайынсыз жоголуп, дээрлик он күндөн кийин сөөгү Көк-Арт дарыясынын жээгинен табылган. Бул иш боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG