Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:05

Ош милициясына шайлоого байланыштуу 16 арыз түштү


Шайлоо участогундагы милиция кызматкери. Алай, Ош облусу. 28-ноябрь, 2021-жыл.
Шайлоо участогундагы милиция кызматкери. Алай, Ош облусу. 28-ноябрь, 2021-жыл.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматы 28-ноябрда, саат 18:00ге карата добуш сатып алууга байланыштуу беш, административдик ресурс колдонуу боюнча 11 арыз-даттануу катталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, шайлоо күнү Араван, Алай, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жана облустук милициянын кызматкерлери коомдук коопсуздукту жана тартипти көзөмөлдөөдө. Жалпы 515 шайлоо участогуна 1500ден ашуун милиция кызматкери бөлүнгөн.

Мындан сырткары 25 документтештирүү тобу, 200гө жакын ыкчам-тергөө тобу күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Коомдук тартипти көзөмөлдөөгө 600гө жакын элдик кошуун өкүлдөрү жана 100гө жакын милициянын ардагерлери көмөктөшүүдө.


Облустук милиция аймактагы коомдук саясий кырдал көзөмөлдө экенин маалымдоодо.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) бүгүнкү шайлоо учурунда мыйзам бузуу боюнча 15 билдирүү түшкөнүн кабарлады. Анын ичинде белги коюлган беткаптар боюнча дагы маалымат бар. Түшкөн бардык фактылар боюнча териштирүү жүрүп жатканы жана кошумча маалымат берилери айтылды.

Ал эми үгүт өнөктүгү учурунда добуш сатып алуу фактысына байланыштуу жалпы жети иш сотко жөнөтүлгөн. ИИМдин Тергөө кызматынын бөлүм башчысы Султан Макилов бүгүн, 28-ноябрда брифингде билдиргени боюнча, Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине үгүт өнөктүгү башталган убактан бери 67 кылмыш жана 76 жорук катталган.

КЛООП медиасы жер-жерлердеги байкоочуларынын маалыматы боюнча бүгүнкү шайлоодо 328 мыйзам бузуу катталганын жарыялады. Анын ичинде эң көп мыйзам бузуу Бишкекте - 92, ал эми Ош облусунда 23 мыйзам бузуу катталды.

Бүгүн, 28-ноябарда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутаттарды шайлоо аралаш система менен жүрүүдө. Шайлоого партиялык тизме менен 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54ү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин жеңип чыккан 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG