Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:59

Саат 18:00гө карата шайлоочулардын 28% добуш берди


28-ноябрь, саат 18:00гө карата добуш бергендердин саны 28,36% болду. Ал эми бир мандаттуу округдарда бул көрсөткүч 28,66% болгонун Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Бир мандаттуу округдар боюнча эң активдүү Көк-Жар округу (Ноокат, Ош - 35,08% ) Кочкор округу (33,98%), эң солгуну Аламүдүн округу (21,56%) болууда.

Бирдиктүү округда алдыда Нарын облусу (32.04%) келе жатат, эң пассивдүү Чүй облусу (25.31%).

Бул жолку өнөктүк жыйынтыгы жокко чыгарылган былтыркы парламенттик шайлоонун ордуна өткөрүлүүдө. Былтыр саат 18:00гө карата элдин шайлоого катышуусу 45,26% болгон.


Буга чейин өлкө жетекчилиги шайлоого катышуучулар төмөн болушу мүмкүн экенин эскертип, жарандарды активдүү добуш берүүгө бир нече ирет чакырган.

Бүгүн, 28-ноябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54тү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG