Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

ЭКУ саммити: Ашхабад консенсусу кабыл алынды


ЭКУнун Ашхабад саммитине катышкан мамлекет башчылар. 28-ноябрь, 2021-жыл.
ЭКУнун Ашхабад саммитине катышкан мамлекет башчылар. 28-ноябрь, 2021-жыл.

Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) Түркмөнстандын борборунда өткөн 15-саммити ишин жыйынтыктады. Анда ЭКОну динамикалык уюм катары бекемдөө, ага мүчө мамлекеттердин кызматташтыгын тереңдетүү жана кеңейтүү, жалпы баалуулуктарды жана кызыкчылыктарды түзүү боюнча Ашхабад консенсусу кабыл алынды.

28-ноябрда Ашхабад шаарында ЭКУнун 15-саммити өтүп, ага Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров да катышты. Мамлекет башчы саммиттин алкагында Түркмөнстандын лидери Гурбангулы Бердимухамедов менен жолугушту.

Иш сапары аяктаган соң, президент Жапаров 28-ноябрда кечке жуук Бишкекке кайтып келди.

Экономикалык кызматташтык уюмуна Азербайжан, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Ооганстан, Өзбекстан, Пакистан, Тажикстан жана Түркмөнстан мүчө. Кыргызстан уюмдун курамына 1992-жылы кирген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG