Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:00

"Клооп Медиа": Саат 19:00гө карата 357 мыйзам бузуу катталды


Шайлоо участокторунун бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Шайлоо участокторунун бири. Иллюстрациялык сүрөт.

"Клооп медианын" байкоочулары 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо саат 19:00гө карата 357 мыйзам бузууну катташты. Бул тууралуу уюмдун сайтында маалымдалды. Анын ичинде добуш сатып алуу, добушканада үгүт жүргүзүү, шайлоочуларга басым жасоо, шайлоочуларды добушканага ташуу, байкоочуларды добушканадан кууп чыгуу сыяктуу көрүнүштөр бар.

Маалыматка ылайык, мыйзам бузуулардын эң көбү Бишкекте - 92 учур катталган, Чүй облусунда - 74, Жалал-Абад облусунда - 43, Ысык-Көлдө - 39, Ош облусунда - 23, Нарын облусунда жана Ош шаарында 20дан, Баткенде - 10, Талас облусунда - 6 мыйзам бузуу катталган.
Ички иштер министрлиги (ИИМ)добуш берүү күнү мыйзам бузуу боюнча 15 билдирүү түшкөнүн кабарлады. Анын ичинде белги коюлган беткаптар боюнча дагы маалымат бар. Түшкөн бардык фактылар боюнча териштирүү жүрүп жатат, кошумча маалымат берилери айтылды.

Ал эми үгүт өнөктүгү учурунда добуш сатып алуу фактысына байланыштуу жалпы жети иш сотко жөнөтүлгөн. ИИМдин Тергөө кызматынын бөлүм башчысы Султан Макилов бүгүн, 28-ноябрда брифингде билдиргендей, Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине үгүт өнөктүгү башталган убактан бери 67 кылмыш жана 76 жорук катталган.

28-ноябарда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутаттарды шайлоо аралаш система менен жүрүүдө. Шайлоого партиялык тизме менен 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54ү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин жеңип чыккан 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG