Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:21

Парламенттик шайлоого добуш берүү аяктады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда парламенттик шайлоого карата ачылган добушканалар жабылды. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) азырынча канча адам добуш бергени тууралуу соңку, саат 20.00гө карата маалыматтарды бере элек.

Саат 18:00гө карата добуш бергендердин саны 28,36% болгон. Ал эми бир мандаттуу округдарда бул көрсөткүч 28,66% түзгөн.

Бул жолку өнөктүк жыйынтыгы жокко чыгарылган былтыркы парламенттик шайлоонун ордуна өткөрүлүүдө. Былтыр саат 18:00гө карата элдин шайлоого катышуусу 45,26% болгон.

Буга чейин өлкө жетекчилиги шайлоого катышуучулар төмөн болушу мүмкүн экенин эскертип, жарандарды активдүү добуш берүүгө бир нече ирет чакырган.

Бүгүн, 28-ноябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышты. Алардын 54тү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG