Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Чехия: Петр Фиала премьер-министр болуп дайындалды


Петр Фиала, Чехиянын жаңыдан дайындалган премьер-министри.
Петр Фиала, Чехиянын жаңыдан дайындалган премьер-министри.

Чехияда 28-ноябрда премьер-министрлик кызматка Петр Фиала дайындалды.

Либералдык-консервативдик агымдагы саясатчы Фиала 2012-жылдын майынан 2013-жылдын июлуна чейин Нечастын өкмөтүндө билим берүү, жаштар жана дене тарбия министри болгон. Академиялык коомчулукта ал Брнодогу Масарк университетинин мурдагы ректору жана проректору катары белгилүү.

Ал оңчул либералдык-консервативдик саясат үчүн идеологиялык негиз түзүү максатын койгон "Оң жээк" аналитикалык борборун жетектеген.

2007-2012-жылдары Тоталитардык режимдерди изилдөө институтунун башкармалыгынын мүчөсү болгон.

Чехиянын президентинин сайтында маалымдалгандай, өкмөт башчыны дайындоо аземи өзгөчө кырдаал жана учурдагы санитардык-эпидемилогиялык чектөөлөр киргизилген учурда Конституциянын талаптарын сактоону камсыз кылуу максатында даярдалды.

Жакында Чехиянын президенти Милош Земандан COVID-19 вирусу табылып, ал кайра ооруканага жаткырылганы кабарланган.

Премьерди дайындоо иш-чарасында тазалык эрежеси катуу сакталып, Земан ага макул болгону айтылды. Ал коляскада отуруп, аны менен премьер-министрдин ортосу атайын айнек тосмо менен менен бөлүндү. Экөө тең аудио жана визиуалдык байланышта болушту.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG