Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:26

БШК мүчөсү Шайназаров добуш берүү деңгээли боюнча комментарий берди


Тынчтыкбек Шайназаров.
Тынчтыкбек Шайназаров.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жетекчи орун басары Тынчтык Шайназаров бүгүнкү шайлоодо добуш берүү деңгээли былтыркы парламенттик шайлоого салыштырганда төмөнүрөөк болуп жаткан себептердин негизгиси форма №2ге байланыштуу деп эсептейт. Мындай пикирин ал 28-ноябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты:

“Мурунку шайлоодо №2-форма деген ыкма колдонулган. Ал мыйзам уруксат берген ыкма болчу. Ошондо 500 миңге жакын жараныбыз катталган жеринде эмес, башка жерлерде добуш берди. Муну менен биз эмнени айтсак болот? Ошол 500 миңдин тегерегиндеги шайлоочу жапырт түрдө шайлоо участокторуна ташылып барган. Азыр мыйзам менен бул нерсеге чектөө коюлган. Ошондуктан, себептердин бири деп ушул нерсени эсептейм”.

БШКнын саат 18:00дөгү маалыматына караганда, добуш берүү көрсөткүчү 28 проценттен ашты.

Бир мандаттуу округдар боюнча эң активдүү Оштогу Көк-Жар округу, эң солгуну Аламүдүн округу болууда.

Бирдиктүү округда алдыда Нарын облусу келе жатат, эң пассивдүү Чүй облусу.

Былтыр саат 18:00гө карата элдин шайлоого катышуусу 45,26% болгон.

Жогорку Кеңеш быйыл жаңы система боюнча шайланууда. Азыркы 120 орундун ордуна эми парламентте 90 орун болот. Бул 90 мандаттын 54үнө 1004 талапкер, ал эми 36сына 282 талапкер ат салышууда.

2020-жылдын 4-октябрында кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, жыйынтыгы нааразылыктардан кийин жокко чыгарылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG