Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Орусия: кырсык болгон шахтанын кенчилери жетекчиликке нааразы


Кузбасстагы "Листвяжная" көмүр шахтасы.
Кузбасстагы "Листвяжная" көмүр шахтасы.

Бир нече күн мурун кырсыктан 51 киши каза тапкан "Листвяжная Кузбасс" шахтасынын кенчилери иш учурунда аларга метандын деңгээлин аныктай албаган жабдуулар берилгенин айтып чыгышты.

Кенчилер РБКнын кабарчыларына билдиргендей, сенсор-жабдуулар (датчик) аба кирбеген скотч менен эки жактан чапталган. Ошондуктан ал жабдуу шахтанын ичиндеги метандын деңгээлин бир топ төмөн, туура эмес көрсөтүп турганы кийин байкалган.

Ушул жылдын август жана ноябрь айларында башка бир сенсорлор шахтанын ичиндеги метандын ашыкча көлөмүн каттаганы тартылган фото жана видеолорду кенчилер журналисттерге өткөрүп берген.

Алар жабдыктардын бузулушуна шахтанын жетекчилигин күнөөлөп жатышат. Жумушчулар баш тартпай, тынбай иштеши үчүн жетекчилик ушундай кадамга барды деп эсептешет.

Кенчилер жарылуудан кийин шахтадан эвакуациялоодогу көйгөйлөр тууралуу да айтып беришти. Кырсыктан кийин биринчи жарым саатта окуя болгон жерде дарыгерлер менен куткаруучулардан эч ким болбогонун, эвакуациялоо иштери менен өздөрүнүн кесиптештери алектенгенин кошумчалашты.

Кемеров облусундагы Листвяжная шахтасындагы кырсык 25-ноябрдын таңында болду.

"Ростехнадзордун" жергиликтүү башкармалыгынын маалыматына караганда, кырсыкка метандын кескин бөлүнүп чыгышы себеп болушу мүмкүн. Бул жалгыз версия эмес. Шахтадагы жарылуунун кесепетинен шахта түтүнгө толуп калган. Кенчилердин көбү эвакуацияланган. Бирок 46 шахтер жер астында калган. Аларды куткарууга жер астына түшкөн беш куткаруучу каза таап, 60тан ашык киши жаракат алганы же иске ууланганы аныкталган.

Ишемби күнү жарылуу коркунучунан улам ага чейин токтотулган шахтада издөө иштери кайра жанданды. Каза болгон беш шахтёрдун сөөгү чыгарылды. 32синин сөөгү табыла элек.

Кырсык боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында беш кызмат адамы камакка алынды. Алардын арасында шахтанын үч жетекчиси жана "Ростехнадзордун" эки инспектору бар. Кармалгандардын бирөө да айыбын моюнга алган эмес.

"Ростехнадзордун" расмий өкүлү Андрей Вилянын айтымында, быйыл «Листвяжная» шахтасында 127 жолу текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 914 мыйзам бузуу аныкталган. Буга байланыштуу жумуш тогуз жолу токтотулган.

Көмүр кенинде киши өлүмү менен коштолгон кырсык 2017-жылдын январында да болгон. Кенге ээлик кылган «СДС-Уголь» компаниясы Орусияда көмүр казуу жана экспорттоо боюнча үчүнчү орунда турат. Компания көрүнүктүү ишкер Михаил Федяевге караштуу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG