Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:08

Хорогдо нааразылык акциясы токтой элек


Хорог. Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы каршылык акциясы. 28-ноябрь, 2021-жыл.
Хорог. Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы каршылык акциясы. 28-ноябрь, 2021-жыл.

Тажикстанда Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбору Хорогдо каршылык акциясы токтой элек. Шаардын борбордук аянтына митингге чыккандардын саны беш миңден ашты. Кээ бирлери бул жерге түн ичинде конуп калганы айтылууда.

Хорог шаарында 25-ноябрда атайын операция маалында бир киши атып өлтүрүлгөндөн кийин башталган нааразылык акциясы үч күндөн бери уланууда.

"Азаттыктын" тажик кызматы билдиргендей, 27-ноябрда эртең менен эки митингчинин сөөгү (алардын бири атайын операция маалында атып өлтүрүлгөн) соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү.

"Озоди" радиосу өз булагына таянып, митингчилер 27-ноябрда аймактын лидери Алишер Мирзонабот менен жолугушарын билдирген. Алар менен бийликтин буга чейинки сүйлөшүүлөрү натыйжасыз аяктаган.

Борбордук бийлик кандуу окуя боюнча комментарий берген жок.

25-ноябрда тажик күч түзүмдөрү Тоолуу Бадахшан облусунун Шохдар айылында атайын операция жүргүзүп, айылдын тургуну Гүлбиддин Зиебеков жок кылынган. Андан кийин жүздөгөн адамдар Хорог шаарындагы облустук администрациянын имаратынын алдына чогулуп, Зиебековду өлтүргөн күч кызматкерлерин жазалоону талап кылышты. Жаалданган калк маркумдун сөөгүн жергиликтүү акимчиликтин алдына алып келишти.

Прокуратура райондо "барымтага алуу жана улут аралык араздашууну козуткан" деген айып менен издөөдө жүргөн Гүлбиддин Зиебековду кармоо операциясы болгонун тастыктады. Көзөмөл органы тараткан билдирүүдө Зиебеков укук коргоо органдарына тапанчадан атканы, ага каршы кызматкерлер ок чыгарууга аргасыз болгону айтылат.

Зиебековдун жакындары ал күч органдарына каршылык көрсөткөн деген маалыматты четке кагууда. Күбөлөрдүн бири анын башына ок тийип, Шохдардан Хорогго бараткан жолдо каза болгонун айтты.

Тоолуу Бадахшан облустук прокуратурасы тараткан билдирүүдө Зиебеков кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен бирге 2020-жылдын 1-февралында райондук прокурордун жардамчысын барымтага алып, сегиз саат бою кыйнаганы белгиленген.

25-ноябрда демонстранттар менен коопсуздук күчтөрүнүн кагылышуусунан бир нече адам жаракат алган. Үч адам каза болгону кабарланды. Укук коргоо органдарынын беш кызматкери жараат алды.

Тургундар болсо ондогон адамдар жарадар болгонун айтышууда. Бийлик тараптан маалымат тактала элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG