Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:53

Шайлоого катышкан партиялар боюнча баштапкы жыйынтык чыга баштады


Бишкектеги добушканалардын бири. 28-ноябрь, 2021-жыл.
Бишкектеги добушканалардын бири. 28-ноябрь, 2021-жыл.

Кыргызстанда 28-ноябрдагы парламенттик шайлоого катышкан партияларга жана бир мандаттуу округдардагы талапкерлерге берилген добуштардын баштапкы жыйынтыктары чыга баштады.

Добуштарды санаган борбордук система саат 20:30га карата 1500гө жакын шайлоо тилкесиндеги жыйынтык эсептелгенин маалымдады. Жалпысынан 2494 шайлоо тилкеси бар.

Шайлоодо 21 партия ат салышты. Бул жолу добуш берүүдө жаңы ыкма колдонулду. Жарандар бюллетенде партияга жана партиянын тизмесиндеги өзү каалаган талапкерге добуш беришти. Азырынча кайсы талапкерлер алдыда келатканы маалым эмес.

Бул ирет партиялардан 1004, бир мандаттуу округдардан 282 талапкер ат салышты. Парламенттеги 90 орундун 54үнө партиялардан, 36сына бир мандаттуу округдардан депутаттар шайланат. Добуш берүүгө 3 миллиондон ашуун жаран укуктуу. Саат 18:00гө карата алардын 28% ашууну катышты.

XS
SM
MD
LG