Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:21

Сулайманов шайлоо салыштырмалуу жакшы өткөнүн билдирди


Кыргызстанда 28-ноябрдагы парламенттик шайлоого катышкан партияларга берилген добуштардын баштапкы жыйынтыктары чыга баштады. Алдын ала жыйынтык боюнча азырынча алты партия беш пайыздык чектен өттү.

Босого чектен өткөн "Альянс" партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов бул жолку шайлоо салыштырмалуу жакшы өттү деп эсептейт.

"Бул жолу бардык талапкер партия жана ар бири өзү үчүн иштеди. Парламентке чыныгы лидерлер, элдин элегинен өткөн өкүлдөр келет деп ойлойбуз. Бул жолу салыштырмалуу бир топ жакшы. Бир эле күндө оңолуп кетебиз дегенден алыс болушубуз керек. Кийинки шайлоолордо дагы ушундай болсо жакшы болуп кетебиз. Мыйзам бузуулар болду, ИИМдин маалыматын дагы уктук, социалдык тармактарда чыгып жатты", - деди Сулайманов.

Кыргызстанда парламенттик шайлоого карата ачылган добушканалар саат 20:00дө жабылды.

Бүгүн, 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышты. Алардын 54ү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG