Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:39

Шайлоонун баштапкы жыйынтыгы алты партия 5% чектен өткөнүн көрсөтүүдө


Кыргызстанда 28-ноябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, алты партия 5% чектен өттү. Бул электрондук үкөктөрдүн автоматтык эсебинин болжолдуу жыйынтыгы.

Саат 21:00га карата 2000ден ашуун шайлоо тилкесиндеги жыйынтык борбордук автоматташкан системага түштү. Жалпысынан 2494 шайлоо тилкеси бар.

Алдын ала жыйынтык боюнча алты партия беш пайыздык чектен өттү:

  • "Ата-Журт Кыргызстан" - 16.93%
  • "Ишеним" - 13,57%
  • "Ынтымак" - 10,89%
  • "Альянс" - 8,29%
  • "Бүтүн Кыргызстан" - 6,78%
  • "Ыйман нуру" - 6,04%

Добуш берүү саат 20:00дө токтотулгандан кийин бир саат аралыгында Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) добуштарды санаган автоматташтырылган системасы бир саамга иштебей калды. Ага чейинки жарыяланган эсепте 10 партия 5% чектен өтүп, бирок жалпы добуштар кошкондо 150% ашып кетип жаткан. Системадагы маалыматтар жаңылангандан соң бул көрсөткүч 89% түшүп, босого чектен өткөн партиялардын саны да кыскарды.

Шайлоодо 21 партиядан 1004, бир мандаттуу округдардан 282 талапкер ат салышты. Жалпы добуштардын 5% чегинен өткөн партиялар парламенттеги 54 мандатты бөлүшүшөт. Бир мандаттуу округдарга 36 мандат берилет.

Бул жолу добуш берүүдө жаңы ыкма колдонулду. Жарандар бюллетенде партияга жана партиянын тизмесиндеги өзү каалаган талапкерге добуш беришти. Азырынча кайсы талапкерлер алдыда келатканы маалым эмес.

Бир мандаттуу округдардын талапкерлери боюнча да алгачкы жыйынтыктар чыга баштады.

2021-жылы жаңы кабыл алынган Конституцияга ылайык Жогорку Кеңеште 90 депутат болот.

Добуш берүүгө 3 миллиондон ашуун жаран укуктуу. Саат 18:00гө карата алардын 28% ашууну катышты.

Шайлоонун жыйынтыгы алгач автоматташтырылган системада саналып, кийин колдо эсеп жүргүзүлөт. Андан кийин расмий эсеп жарыяланат.

XS
SM
MD
LG