Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

Шайлоо: Ошто журналистке кол салуу майда бейбаштык менен териштириле баштады


Окуя болгон учурда тартылган тасмадан алынган сүрөт.
Окуя болгон учурда тартылган тасмадан алынган сүрөт.

Ош шаарындагы шайлоо тилкелеринин биринде “ОшТВ” телеканалынын журналисти Абдумалик Базарбаевге кол салууну шаардык милиция "майда бейбаштык" беренеси менен териштире баштады.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгын басма сөз катчысы Абсатар Тавакаловдун билдирүүсүндө, маалымат Жоруктар кодексинин 119-беренеси ("Майда бейбаштык") менен катталды.

Базарбаев "Азаттыкка" милицияга арыз жазып жатканын билдирди. Анын айтымында, талапкер "Айбек Осмоновдун байкоочусумун" деген кишиден акча таратуу боюнча сурай баштаганда ага кол салуу болгон.

Журналист камера тартылып жатканын айтып, милиция кызматкерлерине кайрылганда кол салган киши тетири карап басып кеткен.

Интернетте тараган видеодон байкоочу деген киши кабарчынын видео тартканына нааразылыгын билдирип жатканын көрүүгө болот. Алар тараптан комментарий боло элек.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгына шайлоо күнү тогуз маалымат келип түшкөн. Алардын көбү далилденген эмес. (DU)

XS
SM
MD
LG