Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:40

Садыр Жапаров шайлоо таза өткөнүн билдирди


Садыр Жапаров добуш берип жатат.
Садыр Жапаров добуш берип жатат.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүү аяктагандыгына байланыштуу кайрылуу жасады. Мамлекет башчы бул шайлоо элдин, Баш мыйзамдын талабына жана эл аралык ченемдерге ылайык, акыйкат өткөнүн белгиледи. Административдик ресурс колдонулбаганын айтты.

"Биз демократиялык өлкө катары ушул милдетибизди так аткардык десем жаңылышпаймын. Бийлик тараптан бардык партияларга жана талапкерлерге бирдей, Конституцияда кандай белгиленсе, так ошондой теңдик шарттар түзүлдү. Бирөөнө дагы жан тартууга, административдик ресурс колдонууга жол берилген жок. Ошондуктан, шайлоо өнөктүгүн баштан аяк мыйзамдын чегинде, ачык-айрымдуулуктун шартында жүргүзүүнү камсыз кыла алдык. Таза жана адилет шайлоо өткөрө аларыбызды далилдедик", - деп белгиледи президент.

Садыр Жапаров бардык саясий күчтөргө кайрылып, "Кимде ким негиз жок эле тынчтыкты, туруктуулукту бузам деген аракети болсо, андай жарандарга катуу чаралар көрүлөт" деген.

Бүгүн, 28-ноябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышты. Алардын 54тү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

Добуш берүү бүткөн соң Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) добуштарды санаган автоматташтырылган системасы иштебей калды. Система жарым сааттай шайлоодогу маалыматтарды көрсөткөн жок. Кийин добуштар баштапкыдан азайтылып көрсөтүлдү.

Буга чейин "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров Бишкек шаарындагы №1211 шайлоо тилкесинде добуш берген соң журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, "бул жолку парламенттик шайлоодо да административдик ресурс колдонулат" деп айткан. Бирок Мадумаров конкреттүү бир фактыга токтолгон эмес.

Добуш берүү күнү ички иштер, прокуратура органдарына, Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча бир нече арыз-даттануулар түшкөн. Алардын ичинде административдик ресурска байланыштуу кайрылуулар да бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG