Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:31

"Жалпы иш" коомдук фонду 50гө жакын мыйзам бузуу тууралуу маалымдады


28-ноябрдагы добуш берүү учуру.
28-ноябрдагы добуш берүү учуру.

"Жалпы иш" коомдук фонду парламенттик шайлоо күнү саат 21:00гө чейин 46 мыйзам бузуу болгону тууралуу билдирүүлөр келип түшкөнүн кабарлады.

Анын ичинде бюллетендерди кайра саноо болбогону, участкалык шайлоо комиссиясынын отуруму өтпөгөнү, добуш берүүнүн купуялуулугун бузуу, байкоочуларга кысым, добуш берүү күнү үгүт жүргүзүү, эсептөөчү үкөктүн иштебей калышы, партиялардын тизмесин жазуудагы техникалык ката, шайлоочунун ордуна башка адам добуш бергени ж.б. бар.

Шайлоодо “Жалпы иш” коомдук фондунун 600 байкоочусу иштеди.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгү учурунда прокуратура органдарына жалпысынан 68 арыз түшкөнү кабарланган. Анын ичинен үчөө гана добуш берүү күнү келгенин Башкы прокуратуранын өкүлү Мирлан Майтпасов брифингде билдирди.

Ички иштер министрлиги (ИИМ)добуш берүү күнү мыйзам бузуу боюнча 15 билдирүү түшкөнүн кабарлаган. Бардык фактылар боюнча териштирүү жүрүп жатат, кошумча маалымат берилери айтылды.

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, алты партия 5% пайыздык чектен өтүп, шайлоодо утту. Бирок добуштардын жыйынтыгын чыгарууда онлайн системанын бузулуп оңдолушу жана жыйынтыктар өзгөрүп кеткенине байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын дарегине сын күчөдү. Шайлоого катышкан айрым партиялар парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялашты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG