Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:58

№20 Манас шайлоо округундагы жыйынтыкка нааразылык чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бир мандаттуу №20 Манас шайлоо округунан депутаттыкка талапкерлигин койгон Мирлан Назарбеков шайлоонун алдын ала жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди. Назарбеков шайлоо жапырт добуш сатып алуу, одоно мыйзам бузуу менен өткөнүн айтууда.

"Бардык жерде жапырт добуш сатып алуу болду. Бардык далилдер бар. Экинчи себеп, аймактык шайлоо комиссияларынан жыйынтыктар келбей жатат. Биздин байкоочулар кол менен саноого катышпай калган. Биз добуштарды кайра санап чыгуу талабын коебуз".

Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматтык эсептөө системасынын алдын ала жыйынтыгы боюнча №20 Манас шайлоо округунан Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Дастан Жумабеков алдыга чыкты. Жумабеков 13 252 добуш алса, Мирлан Назарбеков 13 190 добуш алган.

Дастан Жумабеков добуш сатып алуу боюнча айыптоолорду четке кагып, элдин тандоосун сыйлоо керектигин билдирди.

28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо аяктады. Боршайком парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жарыялады. Учурда добуштарды кол менен саноо жүрүп жатат.

Бул шайлоолордун өзгөчөлүгү добуш берүү аралаш система боюнча өттү. Шайлоочулар талапкерлерди бир мандаттуу округдардан жана партиялык тизме боюнча тандашты. Андан сырткары партиянын ичинен дагы талапкерди шайлашты.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышында 90 депутат болот. Анын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG