Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:01

УКМК "Айыл Банктагы" коррупция фактысы боюнча иликтөө башталганын билдирди


Айыл банктын эн белгиси.
Айыл банктын эн белгиси.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 100% акциясы мамлекетке тиешелүү болгон "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү текшерди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Расмий маалыматка ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында "Айыл Банк" тарабынан айрым компанияларга өтүмсүз мүлктү күрөөгө коюп, ири өлчөмдөгү кредиттерди мыйзамсыз жана туура эмес бөлүп берүү фактылары тастыкталган.

Фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тергөө амалдары жүрүп жатат. Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча "Айыл Банктын" жооптуу адамдарынын жана башка жактардын аракеттерине юридикалык баа берилет.

Президент Садыр Жапаров 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге мамлекеттик банктардын дыйкандарга жеңилдетилген насыя бергенин текшерүү тапшырмасын берген.

Мамлекет башчы Эсеп палатасы атайын тапшырманын негизинде мамлекеттик банктарда ревизия, аудит жүргүзгөнүн, анын жыйынтыгы менен дыйкандарга бөлүнгөн насыянын 3% гана аларга жетип жатканы белгилүү болгонун айткан.

Кыргыз айыл-чарба финансы корпорациясы "Айыл банкы" болуп 2006-жылы түзүлгөн. Банк калктын социалдык жактан аялуу катмарына, ошондой эле дыйканчылыкты жана мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө арзан үстөк пайыз менен насыя берет. "Айыл банктын" башкармалыгынын башчысы Уланбек Букабаев буга чейин "Азаттыкка" айтканына караганда, "Айыл банктын" портфелинде 16 млрд. сом бар. "Айыл чарбаны каржылоо" (ФСХ) долбоорунун негизинде 2021-жылы мамлекет тарабынан тогузунчу жыл атайын каражат каралып, мамлекеттик бюджеттен 6 млрд. сом бөлүнгөн.

XS
SM
MD
LG