Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:12

Коронавирустан дагы эки бейтап каза болду, 37 учур катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 29-ноябрга карата дагы 37 адамдан коронавирус аныкталды. Бейтаптардын арасынан эки киши көз жумганын COVID-19га каршы республикалык штаб кабарлады. Кыргызстанда инфекция жуккандардын расмий катталган саны 183 миңден ашып, 2743 адам көз жумду.

  • Бишкек - 19
  • Баткен облусу - 8
  • Ысык-Көл облусу – 6
  • Жалал-Абад облусу – 3
  • Талас облусу - 1

Ош шаары, Чүй, Ош, Нарын облустарында жаңы учур катталган эмес.

Өлкөдө ооруга каршы 2 млн. жакын киши вакцина алды. Анын 884 миңден көбү эки дозаны, калганы бир дозаны сайдырды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Түштүк Африка Республикасында аныкталган коронавирустун жаңы кооптуу штаммы табылганын билдирип, ал бир катар өлкөдө катталды.

Ал арда кыргыз өкмөтү коронавирустун жаңы түрүнүн жайылуу коркунучун талкуулаганын 28-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Твиттердеги" баракчасына жазган. Анда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ), Саламаттык сактоо жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен коронавирустун "Омикрон" деп аталган түрүнүн жайылуу коркунучу талкууланган.

ДССУ Түштүк Африка Республикасында аныкталган коронавирустун жаңы штаммын "Омикрон" деп атаган. Уюмдун маалыматына караганда, мутациялардын сериясына кабылган B.1.1.529 вирусу организмдеги протеиндин курамына таасир этет. Азыркы вакциналар мындай өзгөрүүгө жетиштүү күрөшө албашы мүмкүн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG