Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:30

Стендап куудулу Руслан Белый саясий себептен улам концерттерин токтотту


Руслан Белый.
Руслан Белый.

Орусиялык белгилүү стендап куудулу Руслан Белый саясий себептен улам концерттерин токтотконун билдирди. Ал өлкө аймагында күзгө пландаган беш концерттин үчөө бийликтин бейрасмий тыюусунан улам үзгүлтүккө учураганын айтты.

16-октябрда Белый Санкт-Петербургдагы Ленсовет маданият сарайында концерт бериши керек болчу, бирок шаардык маданият комитети концертти токтоткон.

Ошондой эле куудулду мурда макулдашылганына карабай, Биринчи каналдын "Вечерний Ургант" программасына чыгарбай коюшкан.

Артист муну өзүнүн сахнада саясий темада көп сүйлөгөн сөздөрүнө байланыштырат. Анын тамашаларынын объектисинде өлкөнүн жогорку даражалуу чиновниктери, анын ичинде Владимир Путин бар. Мындан улам Белый концерттерге тыюу салууда президенттин администрациясынын колу бар деп эсептейт.

Руслан Белыйдын сахнада сүйлөгөн учурларын "Ютубда" миллиондогон адам көрөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG