Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:32

Иманкулов шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого жол берилбей турганын билдирди


Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

Коопсуздук кеңешинин катчысы, парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча Республикалык штабдын жетекчиси Марат Иманкулов Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого жол берилбей турганын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Саясий жарышка катышкан партияларга кайрылып, бюллетендерди бирге текшерип чыгууга даяр экенин белгилеген.

"Айрым партиялар шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды деп жазып жатышат. Биз ага жол бербейбиз. Мындай саясатты атайын жүргүзгөн жокпуз. Бул ачык шайлоо. Коркуп-үркө турган эч нерсе жок. Партия лидерлери, келгиле, ар бир бюллетенди текшерип чыкканга даярбыз. Шайлоонун акыркы жыйынтыгы кол менен санаганда гана чыгат", - деп жазган Иманкулов.

Коопсуздук кеңешинин катчысы автоматтык эсептөө урнасынан (АСУ) алынган маалыматтар алдын ала жыйынтык экенин, бюллетендерди кайра текшерип чыгууга шарт түзүлөөрүн айткан.


Буга чейин Иманкулов БШКнын сайтына 20 өлкөдөн хакердик чабуул болгонун билдирген. Система катуу корголгондуктан таасир этпегенин айткан.

29-ноябрда түнкү саат 2деги БШКнын сайтындагы маалыматка ылайык, 5% босогодон алты партия өттү. Алар: “Ата-Журт Кыргызстан” – 16,41%, “Ишеним” – 13,17%, “Ынтымак” – 10,62%, “Альянс” – 8,06%, “Бүтүн Кыргызстан” – 6,58%, “Ыйман Нуру”партиясы – 5,93% добуш алды.

Парламенттик шайлоого 1 миллион 275 239 жаран катышты. Бул шайлоого укуктуу жарандардын 34,43% түзөт. Келген шайлоочулардын 2,11% же 26927 жаран “баарына каршы” добуш берген.

29-ноябрга караган түнү Бишкекте “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен шайлоого катышкан Өмүрбек Текебаев, Клара Сооронкулова, Али Токтакунов, Тилек Токтогазиев, Социал-Демократтар партиясынан талапкер Рыскелди Момбеков, Дамир Мусакеев, Мухтарбек Айнакулов, “Азаттык” партиясынан Исмаил Исаков, Бактыбек Калмаматов жана “Улуттар Биримдигинен” Мелис Мырзакматов, Артур Медетбеков, Эржан Кайыпов чукул маалымат жыйын өткөрдү. Алар парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, эмне себептен БШКнын сервери 40 мүнөт иштебей турганы боюнча атайын иликтөө жүргүзүүнү талап кылышты.

Жыйынга катышкандар бийлик “оппозицияны өткөрбөй коюу үчүн жараксыз бюллетендерди жана “баарына каршы” добуш бергендердин көрсөткүчүн көбөйткөн” деген доомат коюшту.

Жогорку Кеңешке шайлоого 21 партиядан миңден ашуун бир мандаттуу округдардан 282 талапкер ат салышты. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG