Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:20

Коронавирустун жаңы түрүнөн улам Израил чет элдиктерге чек арасын жапты


Коронавирустун жаңы "Омикрон" деп аталган штаммынан улам Израил чет элдиктерге чек арасын жапты.

Премьер-министр Нафтали Беннетт тыюу салуу эки жума бою күчүндө болорун жана анын максаты эксперттерге жаңы штаммдан келип чыккан коркунучтун чыныгы деңгээлин баалоого убакыт берүү экенин айтты.

Түштүк Африкада 11-ноябрда аныкталган коронавирустун бул түрү мурдагыларга салыштырмалуу ылдам тарап жатканы, буга чейин вирустун башка штаммдары менен ооругандарга жукканы кабарланган.

"Омикрон" Ботсвана, Израил, Бельгия, Гонконг, Британия, Австралия, Италия жана Германияда аныкталды. Көпчүлүк мамлекеттер бул штамм катталган өлкөлөргө аба каттамдарын токтотту.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG