Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:42

"Ордо" партиясынын лидери Мирбек Мияров дайынсыз болууда


Мирбек Мияров (ортодо). 2020-жыл, 6-октябрь.
Мирбек Мияров (ортодо). 2020-жыл, 6-октябрь.

"Ордо" партиясынын лидери Мирбек Мияров 28-ноябрдан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу анын жакын тууганы билдирди.

“Кечээ түштө № 44 мектепке добуш берүү үчүн кеткен экен. Ошол бойдон байланышка чыккан эмес, телефону өчүк. Аялы дагы каякта экенин билбей жатат”, - деди Мияровдун жакын тууганы Мирлан Мамытов.

Мамытовдун айтымында, саясатчыны Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) кармап кетиши мүмкүн.

Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы бул тууралуу маалыматты тактап жатышканын билдирди.

Мирбек Мияров 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого ат салышкан "Ордо" партиясынын лидери. Ал 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG