Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

Нарын шаарынын мэри болуп Жаныш Курбанов дайындалды


Нарын.
Нарын.

Нарын шаарынын мэри болуп Жаныш Курбанов дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Нарын шаарынын мурдагы мэри Самарбек Болотбеков сентябрь айында өз арызы менен кызматтан кеткен.

Ал “Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Руслан Чойбеков 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо 300 миң доллар алган” деп тергелип жаткан иштин алкагында 18-сентябрда шектүү катары камакка алынып, кийин Башкы прокуратуранын өтүнүчү менен тышка чыкпоо жөнүндөгү тилкаттын негизинде камактан бошотулган.

Болотбеков Нарын шаарына мэр болуп быйыл июнь айында дайындалган.

Ушул жылдын октябрь айында Нарын шаардык кеңеши мэр кылып Арсланбек Сталбек уулун шайлаган. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы шаар мэрлерин президент дайындайт деген мыйзамдын күчүнө киргендигине байланыштуу ал шайлоону жокко чыгарган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG