Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:56

КМШ миссиясы, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясы шайлоого баасын берди


Кыргызстандагы добуш берүү. 28-ноябрь, 2021
Кыргызстандагы добуш берүү. 28-ноябрь, 2021

Кыргызстанда 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого эл аралык байкоочулар өз баасын бере баштады. КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасы, аткаруучу катчы Сергей Лебедев шайлоо Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык өткөнүн белгиледи. Ал Борбордук шайлоо комиссиясынын добуштардын алда ала жыйынтыгын көрсөткөн сервериндеги мүчүлүштүктөргө токтолуп, добуштарды ачык-айкын эсептөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөөрүнө ишеним билдирди.

"КМШнын байкоочулар миссиясынын техникалык мүчүлүштүктөрдү көзөмөлдөө мумкүнчүлүгү жок, бирок биз бийлик аны иретке келтирип, добуштарды ачык-айкын эсептөө үчүн бардык зарыл иштерди жасайт деп ишенебиз. Биз Кыргызстанда туруктуулук болуп, анын гүлдөп өнүгүүсүнө кызыкдарбыз", - деди Лебедев.

Ушул эле күнү Түрк тилдүү парламенттик ассамблеясынан (ТүркПА) келген байкоочулар дагы шайлоонун жүрүшү боюнча маалымат берди. Түркиянын депутаты Режеп Шекер Кыргызстанда шайлоо жогорку уюшкандыкта, Кыргызстандын жана эл аралык шайлоо стандарттарына ылайык өткөнүн, өзгөчө майыптыгы бар жарандарга бардык шарттар, мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнүн белгиледи.

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, алты партия 5% пайыздык чектен өтүп, шайлоодо утканы айтылууда. БШКнын электрондук добуш санагынын жыйынтыгында:

"Ата-Журт Кыргызстан" - 16.
"Ишеним" - 13
"Ынтымак" - 10
"Альянс" - 8
"Бүтүн Кыргызстан" - 6
"Ыйман нуру" - 5 пайыз добуш алган.

БШКнын маалыматына караганда, добуш берүүгө укуктуу 3 миллион ашуун жарандын ичинен шайлоого келгендер 30% тегерегинде болду.

Бирок добуштардын жыйынтыгын чыгарууда онлайн системанын бузулуп, кайра оңдолушу жана жыйынтыктар өзгөрүп кеткени Борбордук шайлоо комиссиясынын ишине күмөн жаратты. Айрым партиялар жыйынтыкты тааныбай, аны жокко чыгарууну талап кылып жатышат.

Президент Садыр Жапаров нааразы болгон партияларга кайрылып, бюллетендерди кол менен санап чыгууга катышууга чакырды жана дооматтар далилденсе, Боршайкомдун мүчөлөрү жоопко тартыларын билдирди.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова техникалык мүчүлүштүк болгонун, бирок ал добуш саноого зыян кылбаганын айтууда.

БШК 700дөн ашуун эл аралык байкоочуну расмий каттаган.

XS
SM
MD
LG