Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:22

Түркия Кыргызстанды шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады


Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун тынч жана ийгиликтүү өткөнү менен куттуктаган маалыматты өз расмий сайтына жана "Твиттерде" жарыялады.


"2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасында өткөн парламенттик шайлоо тынч жана бейпил кырдаалда ийгиликтүү аяктаганына кубанычтабыз. Биз тарыхый жана маданий байланышта болгон Кыргызстандын туруктуулугуна жана гүлдөп өнүгүшүнө өзгөчө маани беребиз. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы дос жана боордош Кыргызстан үчүн байсалдуу болушун каалайбыз",- деп жазылган билдирүүдө.

Түркиядагы кыргызстандыктар Анкарадагы элчиликте, Стамбулдагы жана Анталиядагы башкы консулдуктарда добуш беришти. Бул эки тилкеде жалпысынан 3131 шайлоочу катталган.

Түркия Кыргызстан эгемендик алгандан кийин дипломатиялык алакаларды түзгөн алгачкы мамлекеттердин катарына кирет. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG