Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:22

Байсалов БШКнын добуштарды эсептеген системасында мүчүлүштүк болбогонун билдирди


Парламенттик шайлоонун добуштарын саноо учуру, Ош шаары. 28-ноябрь, 2021
Парламенттик шайлоонун добуштарын саноо учуру, Ош шаары. 28-ноябрь, 2021

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) добуштарды санаган автоматташтырылган системасында мүчүлүштүк болгон эмес. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өзүнүн "Твиттердеги" баракчасына жазды.

"Эртең менен Президенттик администрация кечээ, шайлоонун жыйынтыгын чыгарган учурда эмне болгонун иликтеди. БШКнын автоматтык системасынында эч кандай мүчүлүштүктөр болгон эмес. Бул жерде жарыялоо таблицасында ката бар. Бул баракчадагы формула туура эмес болгон", - деген Байсалов.


Ал добуштар саналып бүтө электигин, толук жыйынтык бюллетендер кол менен саналган соң чыгарыларын билдирген.

Кечээ, 28-ноябрда добуш берүү соңуна чыккандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) добуштарды санаган автоматташтырылган системасы иштебей калган. Айрым партиялар шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, эмне себептен БШКнын сервери 40 мүнөт иштебей турганы боюнча атайын иликтөө жүргүзүүнү талап кылып жатышат. "Ата-Мекен" партиясынын тизмесинде шайлоого катышкан Тилек Токтогазиев добуштарды кайра санаганда "20 миңден 30 миңге чейин добуш азайып" кеткенин айтты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш берүү аяктагандан кийин БШКнын сайты эмне себептен үзгүлтүккө учураганын түшүндүрүп, БШКнын автоматташтырылган системасында ката кеткенин маалымдаган. Ал тышкы визуалдаштыруу таблицасындагы формула туура эмес көрсөтүлүп калганын айткан.

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, алты партия 5% пайыздык чектен өтүп, шайлоодо утканы айтылууда. БШКнын электрондук добуш санагынын жыйынтыгында:

  • "Ата-Журт Кыргызстан" - 16.
  • "Ишеним" - 13
  • "Ынтымак" - 10
  • "Альянс" - 8
  • "Бүтүн Кыргызстан" - 6
  • "Ыйман нуру" - 5 пайыз добуш алган.

БШКнын маалыматына караганда, добуш берүүгө укуктуу 3 миллиондон ашуун жарандын ичинен шайлоого келгендер 30% тегерегинде болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG