Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:48

Боршайкомдун маалымат жыйыны улам жылып жатат


Нуржан Шайлдабекова.
Нуржан Шайлдабекова.

Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйыны түштөн кийинкиге жылдырылды.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова саат 11:00дө басма сөз жыйынын өткөрөрүн "Твиттердеги" баракчасына жазган. БШК маалымат жыйыны саат 12:00гө белгиленгенин билдирген. Бирок убактысы дагы өзгөргөнү белгилүү болду.

БШКнын басма сөз кызматы маалымат жыйыны качан өтөрү азырынча белгисиз экенин, кошумча маалымат бериле турганын билдирди.

Кечээ, 28-ноябрда добуш берүү соңуна чыккандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) добуштарды санаган автоматташтырылган системасы иштебей калган. Айрым партиялар шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, эмне себептен БШКнын сервери 40 мүнөт иштебей турганы боюнча атайын иликтөө жүргүзүүнү талап кылууда.

"Ата-Мекен" партиясынын тизмесинде шайлоого катышкан Тилек Токтогазиев добуштарды кайра санаганда "20 миңден 30 миңге чейин добуш азайып" кеткенин айтты.

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, алты партия 5% пайыздык чектен өтүп, шайлоодо утканы айтылууда. БШКнын электрондук добуш санагынын жыйынтыгында:

  • "Ата-Журт Кыргызстан" - 16.
  • "Ишеним" - 13
  • "Ынтымак" - 10
  • "Альянс" - 8
  • "Бүтүн Кыргызстан" - 6
  • "Ыйман нуру" - 5 пайыз добуш алган.

БШКнын маалыматына караганда, добуш берүүгө укуктуу 3 миллиондон ашуун жарандын ичинен шайлоого келгендер 30% тегерегинде болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG