Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:04

Шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылгандар БШКнын алдына чогулду


БШКнын алдындагы акция.
БШКнын алдындагы акция.

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында 28-ноябрдагы парламенттик шайлооонун жыйынтыгына нааразы партиялардын өкүлдөрү акцияга чыкты.

29-ноябрга караган түнү Бишкекте “Ата Мекен”, Социал-Демократтар, “Азаттык” жана “Улуттар Биримдиги” партияларынын өкүлдөрү чукул маалымат жыйын өткөрүп, күндүз БШКнын алдында нааразычылык акциясына чыгарын билдирген.

Чогулгандар парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, эмне себептен БШКнын сервери 40 мүнөт иштебей турганы боюнча атайын иликтөө жүргүзүүнү талап кылышууда.

БШК парламенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгаруудагы окуяны "механикалык мүчүлүштүк" деп бүгүн саат 16:00гө жакын саясий партиялардын өкүлдөрүнө жана журналисттерге маалымат бере турганын билдирди.

Кечээ, 28-ноябрда добуш берүү соңуна чыккандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) добуштарды санаган автоматташтырылган системасы иштебей калган.

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, алты партия 5% пайыздык чектен өтүп, шайлоодо утканы айтылууда. БШКнын электрондук добуш санагынын жыйынтыгында:

  • "Ата-Журт Кыргызстан" - 16.
  • "Ишеним" - 13
  • "Ынтымак" - 10
  • "Альянс" - 8
  • "Бүтүн Кыргызстан" - 6
  • "Ыйман нуру" - 5 пайыз добуш алган.

БШКнын маалыматына караганда, добуш берүүгө укуктуу 3 миллиондон ашуун жарандын ичинен шайлоого келгендер 30% тегерегинде болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG